Адылбек Касымалиев Өзбекстандын премьер-министри Арипов менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Өкмөттөн жолугушуу бүгүн, 31-январда Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында өткөнүн билдиришти.

Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана транспорттук-логистикалык өз-ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Суу-энергетикалык өнөктөштүк, өнөр жай кооперациясы жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан