Белгилүү бразилиялык футболчу Неймар өзүнүн мурунку клубу менен келишим түздү

Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар "Сантос" футболдук клубу менен келишим түзгөнүн жарыялады. Бул туурасында ал Инстаграм баракчасында билдирген.

"Сантос" гана мага алдыдагы кыйынчылыктарга туруштук берүүмө дем-күч бере алат”, - деп калтырган футболчу.

Айта кетсек, Неймар "Сантостун" тарбиялануучусу, ал 2009-2013-жылдары негизги командада ойногон. Форвард 2013-2017-жылдары "Барселонада" ойногон. Андан соң француздардын «Пари Сен-Жермен» (ПСЖ) клубуна өткөн.

2023-жылдын августунда Неймар ПСЖдан Сауд Арабиянын "Аль-Хиляль" клубуна барган. 28-январда аталган клуб Неймар менен келишимди бузганын билдирген. Маалым болгондой, келишим эки тараптын макулдугу менен токтотулган. 32 жаштагы бразилиялык футболчу менен келишим июнь айынын аягында аяктамак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан