Алымкадыр Бейшеналиев маркумдун 7-8 органын алса боло турганын айтты

Маркумдун 7-8 органын трансплантациялоого болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин "Ыйман нуру" жана "Ишеним" фракцияларынын жыйынында билдирди.

Ал учурда көз жумгандан кийин адамдын органдарын алууга уруксат берүү маселеси каралып жатканын айтты.

"Бул боюнча диний жактан дагы имам, молдолор менен сүйлөшүп, алардан карама-каршылык жок экенин билдирген кагаз жүзүндө макулдугун алдык. Маркумдук донорлукка өтсөк бир эле адамдан 7-8 орган алса болот. Биринчиден, боор алынат. Анткени боор боюнча дүйнөдө донорлор жок болуп жатат. Экинчиден, бөйрөк, чучук, өпкө, анан жүрөк алынат", - деди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан