Москванын түндүк-батышында эки кабаттуу административдик имараттан ири өрт чыгып, чатыры урады. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.
Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт 2 миң чарчы метрди жалмап, 400гө жакын адам эвакуациялангандыгын билдирди.
Тушино кичи районундагы өрткө жалпысынан 155 куткаруучу 45 даана техника тартылган. Учурда төрт тик учак өрттү өчүрүүнүн аракетинде экендиги кошумчаланган.