Бишкек–Нарын–Торугарт айланма унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй ЖКККБ бүгүн, 31-январда билдирди.
Жол инспекциясы тактагандай, кырсык кечээ, 30-январда саат 17:10 чамасында болгон. Анда Мыкан айылынын жанынан Тайота Авенсис менен Субару Аутбек үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Анын кеспетинен Тойота Авенсис унаасынын 50 жаштагы айдоочусу көз жумган. Ал эми Субару Аутбек унаасынын 25 жаштагы айдоочусу Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Видео: Штраф.кж