Бүгүн, 8-январда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында Тажикстандан келген Султон Амиров аттуу скрипкачынын жеке концерти өтөт. Бул тууралуу окуу жайдын проректору Екатерина Лузанова SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, концертте 24 жаштагы Султон Амиров өз композицияларын жана тажик эл обондорунун өзгөчө аранжировкаларын элге тартуулайт. Бул скрипкачынын тушоо кесүү концерти болуп саналат.