Министр Бейшеналиев медицина тармагындагылар канча айлыкка иштээрин айтты

Өлкөдө медицина тармагында эмгектенгендердин айлыгы 15 миңден 120 миң сомго чейин. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ыйман нуру" фракцияларынын жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Рустамбек Советбек уулунун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министр өлкөдө жалпысынан 70 миң медицина кызматкери эмгектенерин, алардын 15 миңи дарыгер, 33 миңи медайымдар экенин белгиледи.

"Орто эсеп менен дарыгерлердики 38 миң, медайымдардыкы 25 миң жана Бишкек, Ош шаарларындагы "Тез жардам" кызматында иштегендердики 50 миңден 70 миң сомго чейин. Ал эми жаш адистердин айлыгы 12 миң сом. Жалпысынан медицина тармагында иштегендердин 40 пайызы 60 миңден 120 миң сомго чейин алат", - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр Ош, Бишкек шаарларында иштеген дарыгерлердин маянасы көйгөй болуп жатканын белгилеп, алардын эмгек акысы 15 миңден 20 миңге чейин эле экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан