УКМК Ак-Башат айылынын мурдагы айыл өкмөтүн жана компания директорун кармады

Чүй облусунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана подряддык компаниянын директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелишип кармалышты. Бул тууралуу Уллуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө мамлекеттик казынага өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Эсеп палатасы зыяндын көлөмү 17 миллион сомдон ашык экенин тактаган.

УКМК кармалгандар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилгенин кошумчалады. Учурда бул кылмышка башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан