"Таяк менен башка чапкан". Таласта ичкиликтин айынан адам өмүрү кыйылды

Таласта адам өлүмү менен аяктаган окуя катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-январда милицияга Кең-Кол өзөнүндө мал багып жашап жүргөн 43 жаштагы эркек кишинин каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу жансыз денеге кароо жүргүзүп, маркумдун денесинде жаракаттары бар экендигин аныктаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Талас районунун 41 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга 2 айлык мөөнөткө киргизилген. Тергөөдө маркум менен шектүү спирт ичимдигин ичип отурушуп, пикир келишпестиктен улам 41 жаштагы жаран каза болгон адамды таяк менен башка чапкандыгы белгилүү болгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан