Орус аскери өз жоокерлерин куткаруу үчүн Украинанын танкына көкүрөгүн тосту

Орус жоокери Владимир Харабуа Донецктеги Авдеевкага чабуулу учурунда өз жоокерлерин сактап калуу үчүн жанын курман кылды. Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Бой аттуу аскер кызматкери РИА Новостиге билдирди.

Анын айтымында, 16-январда орус бөлүктөрү Адеевкага жакындаган. Ошол маалда алардын маңдайынан Украина аскерлеринин танктары чыккан. Алар качууга үлгүрбөй калып, ротанын командири Харабуа бийик жерге чыгып, танктарды өзүнө алаксыткан. Мындан улам орус аскерлери позицияларын алмаштырууга жетишкен.

"Ал баарыбызды куткарып, танкка көкүрөгүн тосту. Ал жерде үч чабуулчу топтор, эвакуациялоочу топ жана миномёттук экипаж бар болчу. Ротанын командири Харабуа соккунун баарын өзү кабыл алып, каза болду", - деген аскер кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан