Америкалык миллиардер, SpaceX жана Tesla компанияларынын башкы директору Илон Маск 2025-жылдын орто ченинде айдоочусу жок таксилерди ишке киргизе турганын билдирди. Бул тууралуу ал басмалардын бирине маек берип жатып айткан.
Масктын айтымына караганда, аталган өзү жүрүүчү таксилер ушул жылдын июнь айларында ишке киргизилет. Алар алгач Техас штатынын Остин шаарында жүрө баштайт.
Ошондой эле ишкер унааларды эч кандай айдоочу же операторлор көзөмөлдөбөй турганын кошумчалады. Алар атайын системанын жардамында өздөрү кыймылдайт. Мындан сырткары Илон Маск бул жыл Tesla компаниясы үчүн эң маанилүү жыл экенин айтып өткөн.