Ала-Бука районунда курулуш материалдарын саткан дүкөнгө атайын эле өрт коюуга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 11-январь күнү саат 05:50 чамасында милицияга Ала-Букадагы курулуш магазини өрттөнүп жатканы тууралуу кабар түшкөн.
Бул факты боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси менен (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары Ала-Бука районунун 1990-жылы туулган Н.А., Өзгөн районунун 1993-жылы туулган Н.уулу У., 2006-жылы туулган А.З. жана Кара-Кулжа районунун 1993-жылы туулган А.К. аттуу төрт жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө өрттөлгөн “Мурас” соода борбору 40 миллион сомдук материалдык зыян тарткандыгы аныкталган.
Кармалгандар 29-январь күнү Ала-Бука райондук соту тарабынан эки айга камакка алынышты.