Азербайжанда турак жайда жарылуу болуп, 5 адам каза болду

Азербайжандын Агжабади районунун Хиндарх кыштагындагы турак жайда граната жарылып, 5 киши каза болду. Алардын ичинен үчөө жашы жете элек балдар. Бул туурасында өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 31-январда жергиликтүү убакыт боюнча 11:30 чамасында катталган.

Media.az басылмасынын маалыматына ылайык, жардыруу кичинекей бала гранатаны таап алып, үйүнө алып келгенден кийин болгон.

Учурда көзөмөл органынын кызматкерлери окуя болгон жерди карап, зарыл процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүп жатышат.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан