Бүгүн, 31-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту. Жолугушуу Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында болду. Бул туурасында президенттин админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.
"Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди ар дайым жогору баалап келгенбиз жана жогору баалайбыз. Биздин кызматташтыктын экономикалык күн тартиби жык толгон жана жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте толук кандуулукка умтулат. Эки тараптуу байланыштардын жана өз ара байланыштардын жогорку динамикасы Кыргыз-Орусия күн тартибиндеги маселелерди өз убагында чечүүгө мүмкүндүк берет", - деди Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Мишустин Адылбек Касымалиевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага мындан аркы ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде экономикалык кызматташтык, сооданы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук жана транспорттук байланыштар маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.