Президент Садыр Жапаров 9-майда Москвада өтө турган майрамдык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Орусия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустиндин жолугушуусунда белгилүү болду.
"Быйыл боордош элдерибиз Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилеп жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Биздин президент бул маанилүү мааракеге карата 9-майда Москвада өтө турган салтанаттуу иш-чараларга катышат", - деди Касымалиев.
Ал ошондой эле Мишустинди быйыл Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.