Коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Чүй облусунун Москва районундагы "жер мафиясынын" ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Тагыраагы, Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Д.М.Т., Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А.А.К. жана прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери У.Р.М. аттуу жарандар материалдык жактан байуу максатында Садовое айылында жеке турак жай салууга арналган жер участокторун сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталган.
"Коррупциялык иш-аракеттерин болтуруу максатында, жогорудагы аталган кылмыштуу топ жер тилкелерине муктаж болгон жарандардын кезекке туруу тизмелерин өзгөртүү, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдоруна өз алдынча оңдоолорду киргизүү жана тиешелүү адистерин кол мөөрлөрүн жасалмалоо сыяктуу иштерди жасаган. Мындан тышкары, аталган топтун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуу жолдору менен алардын аттарына жер тилкелерин фиктивдүү негизде каттоо боюнча кылмыштуу иштери аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.
Кечээ, 31-январь күнү УКМК тарабынан аталган жарандар кармалган.
Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар баашка адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.