Ошко Түштүк Кореядан мыйзамсыз келген жаңы үлгүдөгү Mercedes-Benz унаасы аныкталды

"Ош" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы маалымдады.

ркештам" алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы аркылуу алуучу И.М. аттуу жарандын дарегине жүк ташуучу унаа менен контейнерде Түштүк Кореядан жүк келип түшкөн. Тапшырылган документтерге ылайык, алынып келинген унаалардын арасында GM Trex, Hyundai Grandeur, Hyundai Sonata жана Hyundai Avante болгон.

Бирок бажылык текшерүү учурунда контейнерде декларацияланган GM Trex үлгүсүндөгү унаанын ордуна 2023-жылы чыгарылган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа бар экени белгилүү болгон.

Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2025-02-01 13:52:00
Эми бул машина кимге калат же сатылабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан