Бишкектеги соода борбордон iPhone 14 уурдоого шектүү жигит кармалды

Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринен уюлдук телефон уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 12-январда милицияга Э.Ы. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам ошол эле күнү саат 17:45те Юнусалиев көчөсүндөгү соода борборлорунун биринен iPhone 14 үлгүсүндөгү 82 миң сомдук уюлдук телефонун тымызын уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Д.Д. аттуу жаран кармалган.

Белгилей кетсек, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары жана чөнтөк ууру катары ИИМдин каттоосунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан