Биз социалдык тармакта

"Долларлар чачылып". УКМК Ошто Эсеп палатасынын инспекторун кармады (фото)

Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору 5000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, бүгүн, 1-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында 5000 доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын Т.А.А. аттуу инспектору көрсөтүлгөн сумманы алуу учурунда кармалган.

"2024-жылдын 6-декабрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Эсеп палатасынын инспекторлору тарабынан Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү.

Мындан улам, Эсеп палатасынын инспекторлор тобунун жетекчиси Т.А.А. Ош шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгаруу максатында 5000 доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган", - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilek16
2025-02-02 19:32:00
Сап башында счетниктер турат да озу коррупция боюнча , эч кимди алдыга чыгарбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан