Жалал-Абадда турак үй өрттөнүп кетти (фото)

Жалал-Абад шаарында турак үй өрттөнүп, жалын өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрт кырсыгы бүгүн, 2-январда Жалал-Абад шаарындагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон.

Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен өчүрүүгө саат 14:26да 1 бөлүм, саат 14:35те 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоону ооздуктоо иш аракеттерин аткарышкан.

Өрт саат 15:42де толук өчүрүлгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок жана кырсыктын себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан