Казакстанда мурдагы депутат күйөөсүнөн таяк жеген аял Касым-Жомарт Токаевге кайрылды

Коңшу Казакстандын Атырау шаарынын тургуну, төрт баланын энеси Нуржамал Тажгалиева Казакстандын президентине ачык кат менен кайрылып, анын мурдагы күйөөсү, облустук маслихаттын депутаты көп жылдар бою үй-бүлөлүк зомбулук кылып келгенин айтты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Кайрылуусунда Нуржамал Тажгалиева 12 жыл бою күйөөсү Айбар Ерекешовдон кордук көрүп, токмок жеп келгенин билдирди.

"2018-жылы баламды эмизип жатканымда уюлдук телефон менен башымды жара чапкан. 2023-жылы 120 килограммдык салмагы менен үстүмө отуруп алып, катуу сабаган", - деген ал.

Ал полицияга бир нече жолу арыз жазганын, бирок кийин күйөөсүнүн жана ата-энесинин суранычы менен кайра кайтарып алганын айтат.

"Бирок ал эч качан өзгөргөн жок", - деди ал.

Ажырашкандан кийин балдарынын атасынын алимент боюнча дээрлик 6 миллион теңге карызы топтолгон. Нуржамалдын айтымында, депутат сот аркылуу алимент төлөөгө каршы чыгып, балдарды өзүнүн карамагына өткөрүүгө аракет кылууда. Анын үстүнө Нуржамал мурунку күйөөсү улуу кызын алдап алып кеткенин айтты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жолдогон кайрылуусунда Нуржамал Тажгалиев мурдагы күйөөсүнө кылмыш ишин козгоону суранды.

"Аялын сабап, балдарынын алдындагы жоопкерчилигинен качкан жана мүлккө доо койгон адам депутаттык кызматты ээлей албайт. Мен өзүмө жана балдарыма адилеттүүлүк жана коргоо сурайм. Мамлекет мени угат деп үмүттөнөм", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан