Актриса Океана Урматбек жолдошу актёр Кутман Айылчиев менен билгеликте апасына унаа белек кылышты. Бул тууралуу жубайлар Инстаграмдагы баракчасында кабарлашты.
"Апа, кут болсун! Сизди жакшы көрөбүз, биздин сыйыбызды көрүп маңдайыбызда ар дайым жаркырап жүрө бериңиз", - деп билдирүү калтырышкан.
Ал эми социалдык тармактын айрым колдонуучулары "Эмне үчүн Кутмандын апасына белек кылган жоксуңар?" деген суроолорду калтырышкан. Аларга Океана: "Апама мындан жакшысын белек кылабыз деген ниетибиз бар. Ар бир эне балдарынын сыйын көрүүгө татыктуу, биз эки жакты бөлбөй, ар дайым бирдей мамиле кылабыз", - деп жооп калтырган.