АКШда бийликтин алмашканына карабастан Түндүк Кореяга карата саясаты душмандык бойдон калууда. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындай билдирүүгө АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Марко Рубионун комментарийи себеп болгон. Ал маектеринин биринде Кореяны эл аралык коомчулук үчүн өзүн коркунучтуу көрсөткөн мамлекет катары сыпаттаган.
"АКШнын тышкы саясатын жетектеп турган адамдын кастык сөздөрү Пхеньянга карата душмандык саясатын дагы бир жолу тастыктады. Биз өлкөгө дайыма кас болуп келген жана боло турган Вашингтондун ар кандай провокацияларына чыдап эле тим болбостон, адаттагыдай эле катаал жооп чараларын көрөбүз...
Рубиондун саясий көз карашын жана АКШнын Түндүк Кореяга болгон терең антипатиясын эске алганда, катчынын тантырак сөздөрүндө жаңы эч нерсе жок. Чындыгында, ал Пхеньян тууралуу жакшы нерсе айта турган болсо таң калыштуу болмок", - деп келтирген расмий өкүлдүн сөздөрүн Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги.