Чүйдө ичкиликтин айынан дагы бир адам каза болду

Москва районунда ден соолукка атайылап оор залал келтирүүгө шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-февралда милицияга аймактык ооруканадан 47 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан улам хирургия бөлүмүнө жаткырлгандыгын кабарлаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 46 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөдө 2-февраль күнү алар Беловодское айылындагы үйдө спирт ичимдиктерин ичишкени, андан соң ортодо чыр чыгып, шектүү жабырлануучуну ичке бычак менен сайып салганы аныкталган. Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан