Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалымдалгандай, Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Дене-бойго зомбулук колдонуу менен бийликтен аша чабуу) жана 280-беренеси (Алдын ала бүтүм боюнча адамдарды тобу тарабынан жасалган бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогон.
"Текшерүүдө укук коргоо кызматкерлери М.А., К.Н. жана башкалар өз бийлигинен аша чаап, бир нече жаранды ур-токмокко алып, зомбулук колдонгон фактылар аныкталды. Учурда тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө", - деп айтылат маалыматта.