"Президентти сатпаш керек да". Депутат Алымкадыр Бейшеналиевдин жоругуна нааразы болду (видео)

Депутат Камила Талиева мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кылган ишине нааразы болду.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 3-февралдагы жыйынында депутат Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборундагы кырдаал боюнча маселе боюнча атайын келгенин айтты. Бирок бул маселе министр келбегендиктен кийинкиге жылдырылган.

"Мен онкологиялык маселеге келдим эле да. Бирок күн тартибинен алып койдуңуздар. Жума күнү "Ишеним" фракциясында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер каралып жатканын жолдо угуп бардым. Ал жерден Айсара Нышановна "Кыргызфармациянын жетекчисин эмнеге алып койдуңуз?" десе, ал киши (ред. Алымкадыр Бейшеналиев) "бар, президенттен сурап ал" деген жообун берди. Мен абдан таң калдым. Министр минтип жооп бербеши керек. Ошондой жооп болбош керек эле. Айсара Нышановна унчукпай койду, мен болсом залдан кууп чыкмакмын. Президент айткан күндө дагы президентти сатпаш керек да антип. Сен жетекчисиң, сен жооп бересиң да, туурабы? Бул тарых алдында уят", - деди Талиева.

Камила Талиев Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан