Алымкадыр Бейшеналиевге суроо берип, ыңгайсыз абалда калган депутат билдирүү жасады

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсара Абдибаева суроосуна орой жооп берген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды.

"Менде канчалык бийлик болбосун эркек кишиге үстөмдүк кылуу тарбиямда жок. Ошол учурдан пайдаланып жатышат. Анан "уялган кыздын бетин уялбаган кыз тырмайт" болуп, "президенттин адамымын" деген жетекчилер бизде көп. Булар биринчи президентти уят кылып жатышат", - деди депутат айым.

Абдибаева өкмөт мүчөлөрүн мамлекет башчысын уят кылбай милдетин так аткарууга үндөдү.

Эске салсак, 31-январда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясы жана "Ыйман нуру" депутаттык тобунун жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Айсара Абдибаева берген суроого жооп бербестен, эл өкүлүнө "сурооңузду президент Садыр Жапаровго бериңиз" деген. Анда Абдибаева Бейшеналиевден "Кыргыз фармация" ишканасынын жетекчиси эмне үчүн кызматтан алынганын сураган болчу.

Бүгүнкү комитеттин отурумунда министрдин кылыгын депутат Камила Талиева да сынга алып, жетекчиге жарашпаган жүрүм-турум деп баалады.

Бүгүн Бейшеналиев кызматынан кеткенин бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан