4-февралга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 4-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5,

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз +1…+6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6

Нарын жергесинде түнкүсүн -17…-22, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында түнкүсүн -8…-10 суук, күндүз +1…+3 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан