Айтматов районунда милиция кызматкерине пара берүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-январда укук коргоо кызматкерлери тоо тараптан 37 жаштагы Ш.А. жана Б.М. аттуу жарандарды тиешелүү документтери жок сайсыз ок атуучу куралдар менен мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармашкан. Мындан улам алар мыйзамдуу чарадан качуу үчүн милиция кызматкерлерине акчалай пара сунушташкан.
Факты боюнча ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Б.М. Айтматов РИИБинин кызматкерине 10 миң сом өлчөмдөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы 1-февралда Айтматов райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.
Ал эми алынган сайсыз ок атуучу куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.