2025-жылдын 1-январына карата Казакстандын калкынын саны 20 миллион 286 миң 84 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Улуттук статистикалык бюросу билдирди.
Республиканын үч шаарында жана төрт облусунда миллиондон ашык адам жашайт. Калкы эң жыш Алматы жана Түркстан облустары – 2 миллион 292 миң 333 жана 2 миллион 154 миң 334 адам жашайт.
Ал эми бир жылдын ичинде Казакстандын калкы 252 миң 242 адамга көбөйгөн.
20 миллион адамдын ичинен 12 миллион 774 миң 743 адам шаарда, 7 миллион 511 миң 341 адам айыл жеринде жашайт.