Бишкек шаарындагы автобуста кыздын жамбашын кармаган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, бул видео интернетке чыгары менен маалымат каттоо журналына дароо катталган.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын негизинде, автобустагы окуя боюнча 1989-жылы туулган К.А. аттуу шектүү кармалган. Аны кармоо учурунда ал мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, каршылык көрсөтүп, кызматкерлерди сөгүп, коомдук тартипти бузган.
Буга байланыштуу ал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде административдик камерага киргизилген.
Милиция текшерүүнүн жыйынтыгы менен шектүүгө карата кошумча юридикалык баа берилерин билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда автобуста жүргүнчү кыздын жамбашын кармаган жарандын видеосу тараган.