Ар бир аткарган чыгармасы элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү ырчы Султан Садыралиев бүгүн, 3-февралда 39 жашка толду. Ырчы мырза өзүнүн өздүк майрамын утурлай, социалдык тармактагы баракчасына пост жазды.
"Убакыт учкан куш. Мен ошентип 39га толуп 40 жашка кеттим", - деп билдирүү калтырган.
Султан Садыралиев 1986-жылы 3-февралда жарык дүйнөгө келген. Ырчы Замир Арыкбаев менен биргеликте аткарган "Кудача кыз" аттуу ыры менен көпчүлүккө таанылган. 2009-жылы Маданият министрлигинен "Маданияттын мыкты кызматкери" наамына ээ болуп, төш белги тагынган.
Ал эми "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты ырчы мырзасы" деп табылып, ырчынын "Эгиз жүрөк" аттуу ырына тартылган клип "2011-жылдын супер клиби" наамына ээ болгон.
Ырчы Султан Садыралиев жубайы Асел айым менен 2011-жылы үй-бүлө курушкан. Учурда эки уул, бир кызды тарбиялап жатышат.
3-февралга карата жылнаама.