Депутат жыйындан чыгып кеткен Эдил Байсаловго чара көрүү керектигин айтты

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган комитеттин төрайымы Венера Раимбачаева Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отурумдан чыгып кеткенин сынга алды.

"Азыр терс көрүнүш болуп калды. Эми депутат сунуш кылгандан кийин мен добушка коём, сунуш өтүп кетти. Бирок ошондой болгондо дагы парламентке келгенден кийин, депутат сүйлөп жатканда толук отуруп алып укса болмок. Ал өзү туруп алып эле чыгып кетти. Бул туура эмес. Мен ошондуктан Адылбек Алешовичке (ред.: Министрлер кабинетинин төрагасы) муну айтып коюуңуздарды суранам. Эскертүү берсин, же чара көрсүн", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, бүгүн тармактык комитетте Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир катар маселер боюнча маалыматтык угуусу болмок. Буга Байсалов дагы чакырылган болчу. Бирок жыйынга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келбегендиктен депутат Айгүл Айдарова талкууну кийинкиге калтыруу сунушун берип, комитеттин мүчөлөрү колдошкон.

Ал арада жыйынга кечигип келген эл өкүлү Эрулан Кокулов Байсаловго суроо берүүгө ашыкты. Бирок ал ордунан туруп чыгып кеткен. Муну Раимбачаева талкуу кийинкиге калтырылганы менен түшүндүрдү. Өз кезегинде Кокулов ачууланып, өкмөт мүчөлөрү тоготпой калышканын айтып, бул үчүн кесиптештерин сынга алды.

Ал эми министр Бейшеналиев кызматтан кеткени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан