Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске сала кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын 14-октябрында Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамында саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.
2022-жылдын августунда ал министр кызматынан алынган. Бирок 2023-жылдын сентябрында ал кайрадан Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеген.