Бишкек шаарында уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-январда милицияга Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү белгисиз адамдар Береговая көчөсүндө жайгашкан кеңсенин терезесин талкалап, сейфти бузуп, ичиндеги 40 миң сом акча, 280 миң сомдук алтын буюмдарды жана 600 миң сомдук коллекциялык тыйындарды алып кетишкенин айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-береси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 20, 21, 41, 53 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.