Картошканы убактылуу чет жакка экспорттоого тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-февралда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүктүн баасына байланыштуу кеңешме өткөргөн. Анда ал тийиштүү органдарга азык-түлүктүн баасын тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырган.
"Социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баанын негизсиз жогорулашын алдын алуу жана бааны туруктуу кармоо максатында картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселеси каралып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин SUPER.KG порталына окурмандар Бишкек шаарынын борборунда картошканын килограммы 65-70 сомдон сатылып жатканын кабарлаган. Ал эми айрым соодагерлер муну картошка Казакстан менен Өзбекстанга ташылып жатканы менен түшүндүргөн.