Москвадагы жол кырсыгынан кыргыз жигити каза болду

Москвадагы айланма жолдо жол кырсыгы катталып, кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Кырсык кечээ, 2-февралда Москва айланма жолунда болгон. Кырсыктан 1998-жылы туулган кыргыз жараны Ш.А.Э. каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү маркумдун жакындары менен биргеликте анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселесин карап жатат.

Бул маселе элчиликтин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.

Буга чейин WhatsApp тайпаларда Москвадагы жол кырсыгында кыргыз жигити каза болгону, анын телефону талкаланып, туугандары табылбай жатканы тууралуу кабар тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
temirov76
2025-02-04 13:59:00
Жайы жаннаттан болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан