Министрлер кабинетинин “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтому күчүн жоготту

Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №809 “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул токтом жаңы редакцияда кабыл алынган Эмгек кодексине ылайык, мыйзамдарды системалаштыруу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин токтому менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2025-жылдын бир катар дем алыш күндөрү 2025-жылдын январь жана май айларынын башка күндөрүнө жылдырылган.

Бирок 2025-жылдын 28-январында Эмгек кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргендиктен, дем алыш күндөрүн которуу боюнча токтомду жокко чыгаруу зарылчылыгы келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан