Жаратылыш ресурстары министринин орун басары болуп Марат Жусупбеков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
"Жусупбеков Марат Мамбетович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары - Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Министрдин жаңы орун басарын министр Медер Машиев эмгек жамаатына тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.