Орусияда окуучу бала апасынын чайнекке катып койгон 10 миң долларын уурдап алып, коротту

Орусиянын Брянск шаарында 16 жаштагы мектеп окуучусу апасынан катып койгон 10 миң доллар акчасын уурдап, аны өз кызыкчылыгына жумшап салган. Окуя тууралуу облустук тергөө комитети билдирди.

"2024-жылдын ноябрында Брянск облусунун 16 жаштагы тургуну Брянск шаарынын Ромашина көчөсүндө жайгашкан батиринде апасынын ири суммадагы акчасын кайда сактап жүргөнүн билип, үйдөгү акчанын бир бөлүгүн жашыруун уурдап кеткен. Ал уурдаган 10 миң доллар өлчөмүндөгү каражат. Орусиянын Борбордук банкынын курсу боюнча ошол учурда 10 миң доллар 1 миллион рублдан ашык сумма болгон", - деп айтылат текстте.

Маалыматка ылайык, аял акчаны үйүндгү эски чайнекке катып, чогултуп жаткан. Бирок уулу акча катылган жерди билип, каражатты уурдап кеткен. Ал каражатты фирмалык кийимдерди сатып алууга, мейманкананын бир нече бөлмөлөрүн ижарага алууга, СПА борборлорго барууга короткон. Ошондой эле iPhone 16 Pro жана башка гаджеттерди сатып алган. Өспүрүм шаарды эксклюзивдүү премиум такси менен кыдырчу. Мындан тышкары достору менен бир нече жолу отуруш уюштурган.

Кармалган учурда баланын 100 доллары гана калган. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн жашыруун уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан