Баткен облусунда жалпы аянты 3 гектар жер тилкенин ээси жерди өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Аталган жер тилке 2018-жылы мыйзам бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берген.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда", - деп кошумчалашты УКМКдан.