Милиция Казарманда тургундун үйүнөн курал-жарак тапты (сүрөттөр)

Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 28-декабрда милицияга Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында белгисиз адамдар ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жатышканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринде мыйзамсыз делген курал-жарактар Жалал-Абад облусунун аймагында сатылганы аныкталган. Ага байланыштуу шектүү делген 30 жаштагы адамдын Казарман айылындагы үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылган. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан