Ош шаарынын борборунда жайгашкан үч кабаттуу мейманкана мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, аталган объект мурда бала бакча катары иштеп келген. 2004-2007-жылдар аралыгында имаратты мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары кызматтык абалынан пайдаланышып жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып беришкен.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Учурда баасы 74 миллион 600 миң сомдон ашык деп баалаган имараттын менчикке чыгып кетиши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
ИИМ мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке оор зыян келтирилгенин кошумчалады.