Бишкек шаарында дүкөндү карактаган деген шек менен 24 жана 20 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 29-январда таңкы саат 04:00 чамасында Асаналиева көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда кепка, медициналык бет кап кийген жигиттер куралга окшош буюм менен сатуучуну коркутушуп, 10 миң сом накталай акча жана 30 миң сомдук товарын алып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делгендер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.