Футбол: "Реал" – "Эспаньол" беттешинин башкы калысы убактылуу жумушунан четтетилди

Футбол боюнча Испания чемпиондугунун 22-турундагы "Эспаньол" – "Реал Мадрид" беттешинде башкы калыс болгон Алехандро Муньис Руис жана ошол эле оюнда видеоассистент болгон Хавьер Иглесиас Виллануева убактылуу кызматтарынан четтетилишти. Бул тууралуу AS спорт басылмасы жазды.

Эске сала кетсек, беттештин жүрүшүндө калыс Карлос Ромерого Килиан Мбаппеге каршы артынан келип оюн эрежесин бузганы үчүн сары айып кагазын гана көрсөткөн. Беттештин 21-мүнөтүндө калыс VAR системасын карагандан кийин Винисиус Жуниордун голун жокко чыгарган.

Кечээ, 3-февралда Ла Лиганын бардык калыстары Калыстардын техникалык комитетинин жетекчилиги менен жолугушкан.

Анда комитет жетекчиси акыркы оюндарда кетирилген каталарга катуу нааразычылыгын билдирип, "Эспаньол" – "Реал Мадрид" беттешинде иштеген калыстарды кошкондо жалпы 10 калыс убактылуу кызматтарынан бошотулганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан