Уурулукка шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 29-декабрда милицияга Өрнөк айылынын 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 29-декабрь түнү короосунан эки баш арашан тукумундагы кочкорлорун жана бир баш козусун уурдатканын айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 300 миң сом деп бааланаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген 37 жана 32 жаштагы жарандар Бишкек шаарынан, ал эми 34 жана мурда сот жообуна тартылган 37 жаштагы жарандар Кемин районунан кармалышкан. Ысык-Көл райондук соту шектүүлөр 1 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга камакка алуу чечимин чыгарган. Терөө иштери уланууда.