Орусия президент Владимир Путин менен анын америкалык кесиптеши Дональд Трамптын жолугушуусу үчүн мүмкүн болгон жерлер катары Сауд Арабия менен Бириккен Араб Эмираттарын (БАЭ) карап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги орусиялык эки булакка таянуу менен билдирди.
Алардын айтымында, акыркы жумаларда эки өлкөгө тең жогорку даражалуу орусиялык жана америкалык аткаминерлер барган. Учурда эки дүйнөлүк лидердин жолугушуусун уюштуруу активдүү жүрүүдө.
Буга чейин тараптар Түркияны дагы жолугушуу жер катары карап, андан баш тартышканы айтылды.