АКШ Индияга мыйзамсыз мигранттарды учак менен жөнөттү 

АКШ бийлиги мыйзамсыз мигранттарды аскердик транспорттук учак менен Индияга жөнөттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз мигранттар америкалык аскердик транспорттук С-17 учагы менен учуп кетишкен. Аталган учак 24 саатын ичинде Индияга барып конот. Бирок маалыматта канча адам экени так көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин АКШ мыйзамсыз мигранттарды Гватемала, Перу жана Гондураска учак менен жеткирген. Жарандарды депортациялоо үчүн ар бирине 4700 доллардан кеткени маалым болду.

Белгилей кетсек, Американын президенти Дональд Трамп журналисттерге маек берип жатып, өлкөдөн чыгарыла турган биринчи адамдар мыйзамсыз мигранттар экенин айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан