Бишкек шаарында 10 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү делген 43 жаштагы жаран 2013-жылдын август айында Манас районунун 42 жаштагы тургунунун Mercedes-Benz 230 үлгүсүндөгү унаасын 8 миң долларга баалап алып, бирок акчаны бербей качып кеткен. Бул окуя боюнча 2015-жылы Кылмыш-жаза кодексинини "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бирок шектүү тергөөгө келбей, изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2015-жылдын ноябрь айында издөө иши башталган. Быйыл 1-февралда ал Бишкек шаарынан кармалып, Таласка жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.