Казакстандын Жезказган шаарындагы таштанды урнадан кескиленген адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 30-январь күнү болгон. Анда Байконуров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үч адам чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан кийин аял менен эркектин ортосунда пикир келишпестик жаралып, аял эркекти бычак менен сайып жиберген. Ал эми жанындагы шериги экөө кылмышты жашыруу максатында, сөөктү кескилеп, баштыкка салып, таштанды челекке ыргытып жиберишкен. Алардын сөөктү челекке салып жаткандагы учуру байкоочу камерага түшүп калган.
Полиция кылмышка шектүү эки жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Учурда кылмыштын бардык жагдайлары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.